www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африкада (Эфиопия, Кения жана Сомали) 22 миллионго жакын адам уланып жаткан кургакчылыктан улам ачарчылыктын алдында турат, деп билдирди БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы.

«Жылдын башынан бери дагы тогуз миллион адам Эфиопияда, Кенияда, Сомалиде азык-түлүк коопсуздугунун курч абалына туш болушту. Ошентип, 22 миллион адам өзүн жетиштүү тамак-аш менен камсыз кылуу көйгөйүнө дуушар болууда», - деп айтылат билдирүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, аймактагы өлкөлөрдө мал кырылып жатат, калк суунун кескин тартыштыгын баштан кечирүүдө, 1,1 миллиондон ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Уюм аймактагы кургакчылык али бүтө электигине байланыштуу жакынкы жарым жылда жергиликтүү калктын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн дагы 418 миллион долларга жакын каражат керек экенин баса белгиледи.

Мекеме ошондой эле, чурда дүйнөдө 345 миллион адам тамак-аштын жетишсиздигинен жабыркап, 800 миллиондон ашуун адам күн сайын түнү ачка уктап жатканын кошумчалады.

Уюмдун айтымында, ачарчылыктын негизги себептери: аскердик чыр-чатактар, климаттык соккулар, COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жана ачкачылык менен күрөшүүнүн арзандыгы.

Июль айынын башында БУУ Украинадагы согуштук аракеттерден улам быйыл дүйнөдө 13 миллионго жакын адам кошумча тамактануу көйгөйүнө дуушар болот деп болжолдогон. Жаңыланган божомолдор боюнча 2030-жылы дагы 670 миллиондон ашык адам ачарчылыкты баштан кечириши мүмкүн.

Батыш өлкөлөрү тамак-аш тартыштыгы үчүн Орусияны айыптады. Президент Владимир Путин эң жакыр өлкөлөрдө ачарчылык коркунучун жараткан Батыш өлкөлөрү экенин, анын аракеттеринен улам жер семирткичтердин жетишсиздигин, бул өз кезегинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келгенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости