www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте маршруттук таксиде телефон уурдоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта Т.М. аттуу шаар тургуну 5-август күнү Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорттон 13 миң сомдук Samsung Galaxy S9 үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

"15-августта кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга 1 айга камакка алынды. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости