www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи туру 30-октябрда өтөт. Ага өлкөнүн азыркы лидери Жаир Болсонаро жана мурдагы мамлекет башчысы Луис Инасио Лула да Силва катышарын Бразилиянын Жогорку шайлоо соту билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Алар 2-октябрда бюллетендердин 97,45 пайызы саналгандан кийин биринчи турдун жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн экинчи этабына талапкер болушту.

Лула да Силва 47,93 пайыз менен лидер болсо, Болсонаро 43,63 пайыз добушка ээ. Биринчи турда жеңишке жетиш үчүн 50 пайыздан ашык упай алуу керек болчу. Калган талапкерлер кыйла артта калып, көбү бир пайызга ээ болгон жок.

Буга чейин Орусиянын Илимдер академиясынын Латын Америкасы институтунун директору Дмитрий Разумовский президенттик шайлоодон кийин Бразилияда массалык нааразылык акциялары жана мамлекеттик төңкөрүш болушу ыктымалына баа берген. Адис массалык нааразылык акцияларынан чочулоону шайлоо өнөктүгүнүн элементи деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости