www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО өз аймагында Орусиянын атайын операциясы аяктаганга чейин Украинанын альянска кошулуусуна жол бербейт деп жазат New York Times.

Материалда Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусунун себеби аталып, эгер ал альянска кирсе, бардык мүчөлөрдүн өз ара коргонуусу боюнча уставдын бешинчи беренесине кайрылууга туура келери белгиленген.

"Альянс жамааттык коргонуу принцибин кармангандыктан, анын согуштук аракеттерге катышкан өлкөнү өз катарына кабыл алуусу өтө күмөн", - деп сунушташкан серепчилер Эндрю Крамер жана Дэн Билефский.

Журналисттер ошондой эле, Украинанын НАТОго кирүүсүн эң жакшы дегенде ишке ашыруу мүмкүн эмес деп атаган эксперттердин пикирлерин келтиришти. Бул процедура айлар же жылдарга созулаарын моюнга алышат. Ошол эле учурда Киев Түндүк атлантикалык альянстын талаптарын аткарууга тийиш.

"Алардын арасында демократияга, инсандын эркиндигине жана мыйзам үстөмдүгүн колдоого берилгендиктин демонстрациясы бар. Украин лидерлери алардын өлкөсү бул критерийлерге жооп берет дешсе, кээ бир АКШ жана европалык расмий өкүлдөр мунун тескерисин айтышууда", - деп жазагат басылма.

Басылма буга чейин Франция менен Германия Киевдин биримдикте болушуна каршы болгондугун эске салды. Ушундай эле позицияны АКШнын президенти Джо Байден да бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости