www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Манасчы Рысбай Исаков тууралуу катуу сындар айтылды. Сиз да Манаска болгон мамилени оор кабыл алгандай болдуңуз?

-- Негизи эле дастанчылык, төкмөлүк, анысы аз келгенсип манасчылык өнөрүбүздүн дагы ашмалтайы чыгып кетти. Майдаланып кеттик. Мунун баары биздин жандүйнөбүздүн жардыланып кеткенинен.

Китеп окубай эле билимдүүлөрдүн көбөйүшү ушуга алып келмек. Саясый боткобуз менен маданий чочкобуз бири-бирин таап, толуктап тургандай. Муну моюндамайын чөккөнүбүз чөккөн.

Биз минтип отурсак улут катары жоголобуз. Улут акырындап майдаланып отуруп кумга сиңет. Буга диндин да салымы өтө чоң болуп атат, тилекке каршы. Бизде ырчы сыяктуулар, төкмө эмес, же молдо эместер көбөйдү.

Адашкандар көп. Бизге бир катуу силкинүү, жаңыруу керек болуп турат. Мындай акыбал менен кете берсек, арты коркунучтуу.

Булак: Азия News гезити

Последние новости