www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия согуштук аракеттер учурунда жана Киевдин бардык максаттарына, анын ичинде талкаланган инфраструктураны калыбына келтиргенге чейин Украинага аскердик жана экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирди.
«Биз аларга согуш жеңип, суверенитет калыбына келмейинче жардам беребиз. Биз Луганск, Донецк, Херсон, Запорожье же Крымдын Орусияга кошулушун эч качан тааныбайбыз. Ал Украинанын бир бөлүгү болуп саналат. Эгер Украина бул согушта жеңишке жетсе, биз аларга үйлөрүн, экономикасын жана жамааттарын калыбына келтирүүгө жардам беребиз», - деди тышкы иштер министри Жеймс Клеверли.
Анын айтымында, Лондон Украина өкмөтүн жеңишке чейин колдоону улантууга стратегиялык туруктуулукка ээ.
Клеверли белгилегендей, Улуу Британия Украинадагы жигердүү аракеттери менен эл аралык саясатта жөн гана комментатор эмес, жер бетинде да оюнчу экенин көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg