www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстан Түрк мамлекеттеринин уюмунун 11-ноябрда Самаркандда өтө турган алгачкы саммитинде уюмга толук кандуу мүчө болуп кирет. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглуга шилтеме кылып кабарлады.
Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.
Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган. Учурда Венгрия менен Түркмөнстан бул уюмда байкоочу макамына ээ.
2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте кеңештин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.
Булак: NazarNews. kg