www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери «Кумтөр» маселеси бүтпөй келет. Саясый лөктөрдүн арасындагы талаш-тартыштарга дагы деле болсо чекит коюлбады. Бүгүн, «Кумтөрдүн» алгачкы тагдырын легендарлуу парламент кантип чечкен, тарыхка сарасеп салып, Азимбек Бекназаровдун айткандарына жана жазгандарына көңүл буруп көрөлү.
Президиумдун жыйындары...
12-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш, туруктуу тартипте иштебе гендиктен сессиялардын ортосунда Жогорку Кеңештин ишин анын президиуму аткарган. Президиум дагы тез-тез жолугуп, өздөрүнүн жыйынын өткөрүп турган. Жыйында кандай маселелер каралган жана кандай чечимдер кандай тартипте кабыл алынганын мисал келтирүү үчүн, мен президиумдун 1994-жылдын 24-апрелиндеги жыйынын мисал келтирейин.
Жыйынды төрага Медеткан Шеримкулов ачып, «Свободные горы гезитинин 26-апрелдеги санына Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ли Пендин Кыргызстанга жасай турган визити жөнүндөгү макаладан баштайт. Ал айтат, я зачитаю «очевидно, стоит даже так, от столь важного визита, больших последствий, деп Ли Пен как Сталин в свое время редко посещал зарубежные страны. А в центральноазиатском регионе он побывал впервые, возможно с целью осмотреть свои будущие владения». Андан соң Людмила Джолмухамедовага кайрылып (ал гезиттин башкы реактору - А.Б.): «Но предел то всякого должно быть, товарищи, что вы хотите нас столкнуть с Китаем...
Л. Джолмухамедова: В международном чтении онозвучит буквально следующие, в информации великий премьер Ли Пен прибывший 22-24-апреля имеет право осмотреть всех своих будущих владений. Следует рассматривать взаимного сотрудничество наших дружественных государств имеющих поле деятельности в области государственной деятельности. Более того, я напомню что Ли Пен во время пребывание в Кыргызстане буквально сказал следующие «нам нужно решать вопросы оставшиеся от прежних времен». Ряд ученых, в том числе Аманбаев и другие говорили о существующей проблемы. Эта проблема снята... Он поднимался во время визита нашего руководства в Пекин...
Председатель М. Ш.: - ...Вы видимо решили нас немножко попутать... из этого ничего не выйдет. По пограничным вопросам он обсуждался, если вы не знаете, это не значит что руководство не знает... У нас 7-8 спорных территорий, по двум достигнуты соглашении. По остальным будут продолжаться переговоры... Это не опубликовала... Вы тогда здесь пишете, что вы переговоров Ли Пен с руководством нашей республики должно было рассмотриваться видимо пограничные вопросы, но общественность хочет знать... ну зачем, Людмила... Я знаю, что вы все время стараетесь обвинять Президента. Сколько раз я говорил вот здесь, не сталкивайте нас Парламента с Президентам, нет, это продолжается... Вы здесь сталкиваете два государства... можете записать завтра, что Шеримкулов вызвал на президиум, как бывший секретарь идеологии, дал мне как следует, пользуясь тем же методам, чем он руководился будучи секретарем ЦК, но я это не могу пропускать. (Аталган стенографиялык отчет, №2550 дело, 73-б.)
Бул жерде төраганын «у нас 7-8 спорных территорий по двум достигнуты соглашение» деп айтканын мен колдобойм. А.Акаевдин, М.Шеримкуловдордун ушинтип туура эмес айтканынан улам эл арасында чындап эле талаш жерлер болгон турбайбы деген пикир жаралган. А, чындыгында талаш жер эмес Кытайдын бир тараптуу эле дооматтары болгон. Талаш жер менен бир тараптуу доомат эл аралык укуктарда эки башка түшүнүктү берет.
Төрага М. Ш.: - Андан ары Джолмухамедованы жемелеп, «в народе слухи ходят, что мы являемся владением Китая что ли? деп суроо берет.
Ага Джолмухамедова: - В народе ходят слухи о возможной ки тайской экспансии - десе, төрага М. Ш.: - «Да вы что, о чем вы говорите...? Андан ары президиумдун мүчөлөрү сөзгө аралашат. К.Турганов: Может специально делаете... десе, дагы бир мүчөсү А.Жекшенкулов: Уважаемые члены президиума, я хотел небольшую информацию дать, чтобы вы в курсе были. Что касается пограничного вопроса, у нас в республике создана рабочая группа, которую возглавляет замминистр Айтматов, два раунда в этом году проведены в феврале в Пекине, в начале апреля в Алмате, по територаильным вопросам. Действительно казахам удалось А.Ибраимов: ... несколько вопросов снять, но до конца не сняты. Бул маселени парламентке алып чыгалы, бул парламенттин көз карашы эмес деп чечим чыгаралы деп сунуш берсе, А.Артыков президиумдун атынан эле заявление жарыялайлы... жоопкерчиликсиз опубликование деп бардык гезиттерге берели дейт.
Т.Касымбеков: - Медеткан Шеримкулович, бул маселе жалгыз эле редактордун же корреспонденттин ою эмес... определенный баян адамдардын, кишилердин ою да... Түркиядан, Америкадан, Кытайдан киши келсе да, же орустар менен теңата, эгемендүү мамлекет болгонго чычалаган адамдар бар... Бул эл арасында жүрүп жаткан сөз. Жаңылбай эле, атайылап жазышат... Буга түзүгүрөөк мамиле кылыш керек... Антпесе эртең же бүрсүгүнү жер талашып жатат деп жазат... Кытай, Индия, Иран менен мамиле кылсак да, ушу жанагыдай тескери кылып туруп жазат. Бул жөн бир кишинин ошибкасы эмес - дейт Төкөм.
Төкөмдүн сөзүндө мандем бар эле, чындыгында эгемен Кыргызстандын, анын Президенти Акаевдин алыскы чет өлкөлөр менен жүргүзүп жаткан көз карандысыз, өз алдынча саясаты улуу шовинизмди колдошкон жана колдоп келген «киргиздерге», орус жыттуу саясатчыларга ошол эле «улуу агабыздын», коңшу өлкөлөрдүн айрым саясатчыларына жакпайт эле.
М.Логвинов: - Газета - наш орган... Я разговаривал с редактором. Она сказала, да ошибка... Мы наказали сотрудников и т.д. ПВС может выразить Джолмухамедовой недоверие... освобождение от поста редактора. Дальше так нельзя. И тем более как сегодня она доложила о том, что я корреспондента, президиуму, вам, на растерзание ее не дам. Это вообще то заявление. Никто здесь никого терзать не собирается. Акырында Артыковдун сунушу менен бул маселени аякташат. Президиумдун дагы бир жыйынынан маалымат берейин.
1994-жыл. 13-май.
Логвинов: В прессе прошли информации, что Муралиев дал предложение по сокращению областей и районов, ушуга байланыштуу болуп, областтарды кыскан Ысык-Көлдө, Нарында кезексиз сессиялар болуп, областтарды кыскартууга каршы... Кумтөрдү тезинен иштетүү, кол коюуну талап кылган чечимдерди алыптыр... десе, төрага М.Ш.: Бишкекский горсовет дагы поддерживает программы направление на скорейшию разработку золотых месторождений... - деп кошумчалайт.
Анан өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, эгерде секрет болбосо, бизге да бергиле, өкмөттүн алтын программасы болсо... не делайте секретов от нас, пожалуйста... Ысык-Көл, Нарын, Бишкек советтери обсуждение кылган программаларды бергиле бизге, секрет болбосо? Залдан үн: - Я вчера подписал программу по Кумтору, поскольку рассмотрели 70% соглашения отработана, я не знаю кому передали.
Председатель М.Ш.: - Я вам скажу по Кумтору тоже таким образом давайте, так продолжение будем решение ЖК, я очень далек... у меня была беседа с Хоменюком... был разговор А.Жумагуловым. Он сказал 27% за Камеко, а 73% за нами... я А.Жумагулову говорил, если вы придете и скажите, что 99% за нами. 1% за Камеко все равно у меня вот здесь сомнения... Давайте, дайте нам окончательного соглашения... я просил А.Жумагулова чтобы все члены президиума и все депутаты, депутатский корпус имел вот какие документы: соглашения подписанное в 1992 года, равные изменения, которые внесены, два последние соглашений на котором остановился правительство и Камеко. Тогда мы можем сравнивать, какое было соглашение в 1992 году. Была ли прав депутатский корпус сказав недоверие и подняв такую бурю... до сих пор идет обвинение моих коллег депутатов, комиссии депутатской. Я всегда горой стоял и буду стоять, а свою депутатскую комиссию... Они тоже допустили оплошность. Вот эту справку можно было писать не в виде приключенческого романа, а хорошие справки... Но в принципе то они оказались правы, правительство до сих пор не может подписать соглашения, потому что, они правы, кыргызча айтканда баягы, айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп... я поддерживал и буду поддерживать правительства и президента... но просто депутаты хотят высказать свои позиции... дайте материалы заранее. Если заранее не дадите, вы поймите, я могу просто не включить в повестку дня. Дайте нам вот Бишкекский горсовет какую программу обсуждал, вы давали им программу?
Залдан үн: - Программу всем областям, министерствам раздали... Бул үн А.Матубраимовдун үнү болгон. Анткени ал Апас Жумагуловдун биринчи орун басары катары президиумдун жыйынына кирип, Кумтөр, алтын маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Бирок ал маселелер боюнча Шеримкулов айткан документтерди Жогорку Кеңешке беришкен эмес. Эмне үчүн Жогорку Кеңешке Өкмөттүн Кумтөр боюнча документтерин бербей, ал эми областтык кеңештерге бергенсиңер деген менин суроомо А.Матубраимов төмөнкүдөй түшүндүрмө берген:
-Ооба, биз Кумтөр боюнча жергиликтүү кеңештердин оюн билели дегенбиз. Мисалы менде да ошондой ой болгон. Ал эми Жогорку Кеңешке документтерди эмне учүн таратып берген жок, мен билбейм. Мендеги документтерди мен президиумга бергем. Жогорку Кеңеште Жумагулов өзү жооп берип, таратып берген эмес.
Председатель М.Ш.: - Я думаю это не допустим, мы все трезвые люди. Я думаю противопоставления разных ступеней законодательной власти, представителей власти, я имею ввиду местные кенеши - райкенеш, облкенеш, с Жогорку Кенешом не получится, я думаю этого не допустим.
М.Шеримкулов туура айткандай аткаруу бийлиги алтын маселеси боюнча мурда Жогорку Кеңеште "тумшукка жегенден кийин" жергиликтүү кеңештер аркылуу өз максаттарына жетүүнү койгон. Муну төрага туура байкаган.
Ошол учурда алдан Кумтөр боюнча документ келип ттүшкөнүн айтышат. Председатель М.Ш.: - Кана? Кана документ. А правительство в соответствие с рассмотрением проекта Кумтор просим ускорить рассмотрение и высказать ваши замечание и продолжение, чтобы мы могли это учесть перед подписанием соглашение и утверждение... деген катты окуп... Ушубу документтер? Ну ладно, не будем предираться...
Акырында Президиум 1994-жылдын 25-майына сессия чакырышат. А.Ибраимовдун эмне шашылып жатабыз дегенине төрага М.Ш:
- Жок, мен сурадым. Акаевден дагы, Жумагуловдон дагы сурасам, анда бул сөз жок экен. Жанагы Хоменюк деген, ошол шаштырып жаткан турбайбы - деп жооп берет. Шеримкуловдун бул айтканында чындык бар эле. Анткени Президент Акаев, Өкмөт башчы А.Жумагуловдор 1994-жылдын июнь айындагы Париж клубунун кезектеги жыйынына бармак. Париж клубуна чейин Акаев Кумтөр маселеси боюнча кели шимге биротоло кол коюп, дасторкон кылып алып барууга убада берген.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы А.Жумагулов Өкмөттүн жыйынында же Жогорку Кеңеште эмес Манас аэропортунда Парижге учаардын алдында Кумтөр боюнча келишимге кол койгону тууралуу сөз болот.
Президиумдун 1994-жылдын 27-августундагы жыйынынан үзүндү берейин. Бул күнү дагы бир кезектеги Жогорку Кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндөгү жыйын болгон. Жыйындын башында А.Ибраимов төрагага суроо берет. Сессия чакырсак кворум болобу деп. Сессияны Акаев менен макулдаштынызбы?
Төрага М.Ш.: У меня есть опасения, что кворума может не быть.... В связи с неопределенностью какой-то обстановки созданной непонятно кем, только не мной, где-то, кто-то, с кем-то, особенно с депутатами ведут работу. Ведут так, чтобы они во-первых сложили полномочия, во-вторых не явились на сессию. Да, Президента позиция вот такая, спокойно провести сессию... (Аталган стенографиялык отчет, 150-151-66.).
1994-жыл, 2-сентябрь. Төрага М.Ш.: - ...Не будем считать это засе данием президиума. Хотелось бы просто пока обмениваться мнениями. Логвинов: В газете «Слово Кыргызстан за сегодняшний номер (от 02.00.1994г.) где 143 народных депутатов поставили свои подписи... Я считаю, что торага объявил о назначении сессии на 27-ceнтября правильным, проводить организованно и сессия нужно... повестка дня опубликовано.
Бул ошол Жогорку Кеңештеги 4-жолу түзүлгөн "143" депутаттык топ деп түшүнсөк болот.
Депутат Ш.Мамбетов: ...Я прочитал, сразу видно, что обращение организовано методично... маленький нажим, наши коллеги не выдержали, поддались, по обращением надо ответить, нас обвиняют во всех грехах... Медеткан Шеримкулович, вы или президиум выступите, перед населением - десе, депутат А.Ибраимов Ш.Мамбетовду колдоп, акча болсо область, райондорго чыгалы дейт. Депутат Эшимова: ... Акаев менен сүйлөшүңүз... Мага кол койгон депутаттар кирип, өздөрүнүн обидасын айтып жатышат... по выступлению по телевизору: Матисаковым и Жаманбаевой... сүйлөштүм... алар бербей жатат... Бүгүн телефондорун албай жатат. Эгер Президент ар качан айтып жүргөнү чын болсо, парламент жөнүндө... Сессияга келип маселени чечсе болот. Акаев менен бирге чечүү керек. Эртеңден баштап депутаттарды кордоо башталганы турат. Депутат Абдыкалыков: Депутаттардын бул обращениеси кезектеги 15-сессия чакырылгандан кийин чыкты...Ошондуктан президиумдун атынан чыгуу керек.
Депутат Т.Касымбеков: - Эки күн мурда Парламент жөнүндө Президент абдан жакшы оюн айтты. Иш жүзүндө башкача экен... Приватизация боюнча өздөрү комиссия түзгөн, карайлы дептир... Акимчиликтер кетсин десен болбодуңар. Президенттин референдумунан кийин кетели десек дагы болбодуңар.
Төрага М. Ш.: - Элге барган менен акимдер бизди эл менен жолуктурбайт. Гезиттер бизди чыгарбайт. Сессияны өткөртпөйт... Аэрофлот кимдин колунда? Как раз у акимов... вопрос сложный. Я думаю что несколько шагов просчитано... Президент президиумдун мүчөлөрү менен коп кишини кабыл албайт. Бүгүн мен жолугууга аракет кылайын, эртен жолугалы... августтун аягында Акаев менен сүйлөшкөм... Сессия жөнүндө ал колдогон... Сессия кворум болбой калса эле Парламент таркатылбайт. Президент может распустить Парламент только по результатом референдума... Комиссия по проверке приватизации... Башкы прокуратура деле текшерди... депутаттардын аты аталды.
Бирок төраганын 1994-жылдын 2-сентябрындагы Президиумдагы бул сөзүнө караганда ал баарын билет... Сессияны өткөртпөйт... Гезиттер бизди чыгарбайт... Аэрофлот кимдин колунда? Как раз у акимов... Сессияда кворум болбой калса эле Парламент таркатылбайт, деген сөз шектүүлүктү жаратат. Төрага ошону билген жана каалаган ошого даярданган.
1994-жылдын 13-сентябрындагы президиумдун жыйыны:
Төрага М.Ш.: - Саламатсыздарбы, ну что, сессия болобу?
Логвинов: -43 депутат катталды, эртең дагы катталаар.
Төрага М.Ш.: - Кворум болбой калганы турат.
Урматтуу окурман, жогорудагы аталган президиумдун жыйындарынан биз 12-чакырылыштагы Жогорку Советтин иши кворум болбогонуна байланыштуу болбой калганы, ага негизинен Кумтөр маселеси, приватташтырууну текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши себеп болгону 143 сессияга келбейбиз деген депутаттын колун койдурган жана ал кайрылууну жазып даярдагандар Президенттин администрациясы болгону тууралуу сөзгө чейин жеттик. Эми ага чейинки сессиянын маалыматына өтөлү.
1994-жыл, 25-май.
Парламенттин кезектеги жыйыны.
Төрага M.III.: - ... Апас Жумагулович, в повестку дня включили по вашей просьбе вопрос о месторождение Кумтөр...
А.Жумагулов: - Проект «Кумтөр» это шесть томов в порядке 1000 страниц. Само соглашение 50 страниц, и более того документ конфидициальный для служебного пользования. Размножать его, раздать депутатам, вы подумайте... Мы считали это не целесообразным... По этому есть просьба не требовать того, что просто не под силу... Просто послушать информации правительства и принять его к сведению.
Мурда М.Шеримкуловго «эч нерсе билбейм» деген А.Жумагулов эми ачык эле моюн толгоп «не требовать того...» деп кесе жооп бергенге жараган.
Төрага М.Ш.: - Апас Жумагулович, я думаю может быть тогда в общую повестку дня его не надо включать, зачем тогда, но депутаты не могут принять решения не имея документы. Правительству поручено, решайте сами...
Залдан үн: - По месту рождению Кумтөр туура эмес, документтер жок, элден мурда пусть раздать все материалы... Апас Жумагулович, өзүңөр чече бергиле, жоопкерчиликти алгыла, кээ бир саясий партиялар, каршы болгондор пикет жарыялайбыз десе корко береби?
Депутат Калашников: Уважаемые депутаты, если вы считае те себе гражданином Кыргызстана... я вас очень прошу... жизненно важному вопросу относитесь по граждански... Будет республика ограблена... не простят будущее поколение, что значит республика будет покупать свое золото у частной фирмы. Продолжение раздать эти материалы всем. Если бы правительство не колебалась бы, конечно уже подписала, значит у правительство есть сомнения. А мы не ширма, мы нардепы... Хотя бы пусть в день соглашения раздадут, - деп туура таамай айтып, кыргыз болбосо да нукура мекенчилдигин көрсөткөн.
(Аталган стенографиялык отчет №2551 дело, 17-24-бб.).
Депутат Ш.Мамбетов: - Президиум бул маселени карап, эгерде өкмөт документтерди берсе, күн тартибине кирет деп чечим алган. Мен түшүнбөйм Өкмөттү, Апас Жумагуловичти, өзүңөр сунуш кылып, анан баягы спектакль ойногондой болуп жатат...
Депутат Калашников: - Б.Ааматов, Ш.Сыдыков туура айтышат. Жок дегенде генсоглашениени берсин. Депутаттарга таркатсын. Депутаттар эки-үч күн окусун, биз комиссияга документ беребиз, анан карайлык. Депутаттар Акималиев, Шаршенов ж.б. Өкмөт өзү чече берсин, документтердин эмне кереги бар, күн тартибинен алып коелу дешет.
Депутат К.Акматов: - ...Президенттин пресс-службасы чыкты. Өкмөт Кумтөр келишимине кол койбоо жагына аракет кылып жатат дегендей, же болбосо кол койбоо жагына көңүлдөнүп жатат деп...
Ага Президент Акаев ордунан жооп берет: - Казат Акматович, Өкмөт Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткарбай жатат... деп жаздыргам заявлениеге, сиз башкача буруп айтып жатасыз...
К.Акматов: - Макул анда эмесе Аскар Акаевич, менде бир сунуш бар. Урматтуу депутаттар, эгерде биз эмоциябызды күчөтө берсек... кайрадан тупикке алып барабыз... Бекеринен Өкмөт өзү суранып, ушул сессияда информация берели деп ойлобосо керек, менин түшүнүгүмдө. Менин түшүнүгүмдө Апас Жумагулов депутаттарга информация берем анан кол коюп берем деп жатат - десе...
Депутат Идинов: - Жок дегенде генсоглашениени таратып берсин, комиссиянын корутундусу бар, депутаттар салыштырып көрсүн... анан чечели. (Аталган стенографиялык отчет 40-46-бб.)
Анда көпчүлүк депутаттар башкы келишимге А.Жумагулов Парижге учаардын алдында Манас аэропортунда кол коёрун билбейт болчу. Апас байкеге да рахмат. Чынгышев Канадада кол койсо, ал жок дегенде Кыргызстанда, аэропортто кол койгон.
Апас Жумагулов: Что оно потеряет, национальное богатство - это не верно. Из чистой прибыли порядка 550 млн. - это наши доходы. Доходы Камеко 170. И этот объект будет стоит в порядке 250+43 почти 300 млн. стоит. Посудите сами, прибыль делится 70% на нашей стороне, 23% Камеко. Почему сегодня вынесли сюда, это просьба председателей комиссии, причем категорическая (бирок кимдер экенин айтпайт)... Мы примем решение, и примем в самые ближайшие дни... мнение Жогорку Кенеша учитываем при принятие решение... - деп алдаган. Экинчиден, обьектини (заводду) курууга 230+45 в порядке 300 млн. турат деген. А, чындыгында 475 млн. доллар кетти деп кийин обьектини кабыл алган. Ушул күнгө чейин 175 млн. доллар жогорулатылган сумма табышмак. Аны 2-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин МЧЖда 2003-жылы депутат О.Дүйшеев көтөрүп чыккан. Кийин негедир унчукпайт... Кумтөр маселеси боюнча Жумагулов өзүнүн «Что отдано взамен? (Б., 2007.) деген көлөмдүү китебинде кенен жазган. Аны жогоруда бердик. Ал тургай Б.Бирштейн менен 1989-жылы Москвада 1-жолу таанышканынан бери, кийин АКШда жолукканын да ошол китебинин 240-241-беттеринде кенен жазган. 2005-жылкы март революциясынан кийинки Башкы прокуратура мурда Т.Чильникина (Башкы прокурордун орун басары) жаап койгон Кумтөр боюнча кылмыш ишти бузуп, тергөөнү жандандырып, тергөөчү К.Турдумамбетов Москвага барып А.Жумагуловду сурак кылып келген. Ошондо анын сурак протоколунан 1989-жылы Жумагулов, Б.Бирштейн, А.Машкеевичтер Москвада биринчи жолу жолукканда алардын кийимдери жупуну, пальтолорунун ичтери жыртык, эски «Волга» менен келип жолукканын» көрсөткөнүн мен окуган элем. Өзү да мага телефон чалып, тергөөгө активдүү жардамдашам деп айткан эле. Анда ал Кыргызстандын Россиядагы элчиси эле.
Ушул жерде окурмандарга так болуш үчүн бир нерсени эстерине салуу керек. Мурда Жогорку Кеңеште мурдагы Премьер-министр Чынгышев Кумтөрдүн өндүрүлгөн алтынын 67% Кыргызстандыкы, 33%ы Камеконуку, мындан сырткары Камекого тийген алтынды да сатып алабыз деп эске салуу менен, а бүгүн болсо, анын ордуна келген өкмөт башчы А. Жумагулов өндүрүлгөн алтынды эмес, таза кирешенин 76% ы Кыргызстандыкы, 23% ы Камеконуку деп депутаттарга айтканын баса белгилегим келет. Жогорку Кеңеш А.Жумагуловдун жогорудагы маалыматын уккандан кийин күн тартибиндеги бул маселени документтери, жок эле дегенде башкы келишимдин берилбегендигине байланыштуу күн тартибинен алып салышат. Жогорку Кеңештин президиумунда Жумагуловдун биринчи орун басары А.Мaтубраимов ушул маселени күн тартибине киргизүүнү айтканда президиум эгерде документтер толук депутаттарга таркатылып берилсе деген оговорка менен күн тартибине киргизилгени эсибизде. Бирок иш жүзүндө Апас Жумагуловичтин сөзүнөн кийин документтер таркатылып берилбеши белгилүү болгон. Ошентип, жыйынтыктап айтканда Жогорку Кеңешке Өкмөт Кумтөр боюнча документтерди жок дегенде башкы келишимди расмий берген эмес. Бул тарыхый чындык.
Председатель М.Ш. тарых үчүнбү же өзүнүн кызыкчылыгы барбы, айтор: Апас Жумагулович, парламенттин Кумтөр боюнча ою айтылган жок, ошондуктан без ссылки на решение парламента решайте сами. Парламент не высказался, не «за», не «против»... деп бекем, даана айткан. (Аталган стенографиялык отчет, 53-6.)
Шеримкуловдун бул сөзү Кумтөр маселесинде «легендарлык парламенттин катыштыгы жок, ага Президент жана ошол кездеги Өкмөт гана катышып, чечишкен деген ачуу чындыкты тастыктайт. Чындыгында Парламент түзгөн, башында Ш.Мамбетов турган алтын комиссиясы Парламентте жана коомчулукта чоң шум көтөрүшүп, Акаевди кетирилген кемчиликтери боюнча мойнуна алууга мажбур кылып, Чынгышевди жана анын өкмөтүн отставкага кетирүүгө жетишкени менен, Акаев өтө акылдуулук кылып, Өкмөт башчы болуп келген А.Жумагуловго, көрөркөз министри Э.Өмүралиевге ж.б. башкы келишимди ондотуп, түзөтүп, Кыргызстан үчүн мурдагыдан да пайдасыз жана зыяндуу келишимге кол койдуртуп алган. Анын пайдасыздыгы өндүрүлген товарды эмес, таза кирешени бөлүү болсо, зыяндуулугу экономикалык, экологиялык жактан экендиги ушул мезгилге чейин айтылып келет. Ошондо өкмөт Кумтөр маселеси боюнча 1-вице-премьер-министр А.Матубраимов турган атайын Өкмөттүк комиссия түзүп, башкы келишимге ошол комиссия өзгөртүү кошумчаларды киргизген. Мен Чынгышев кол койгон башкы келишим менен А.Жумагулов кол койгон башкы келишимден эч кандай олуттуу өзгөртүүлөрдү тапкан жокмун. Ушул туурасында А.Матубраимовдон сураганымда, ал деле мына мындай өзгөртүүлөр кирген» деп жарытылуу эч нерсе айта албады. Болгону, «Биз Кумтөрдө курулган заводго тактап айтканда, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКнын ордуна 75,4% Кыргызстандыкы, 24,6% Камеконуку болгон биргелешкен ишкана түзүүнү анын башкы директоруна Давлетовду сунуштаганбыз. Ушул мен Акаевге үч жолу кирдим. Биздин ушул сунушка Л.Хоменюк макул болуп кол койгондон кийин мен дагы кол койгом. Кийин муну А.Жумагулов бузуптур. Биргелешкен ишкананын ордуна «Кумтөр Оперейтинг Компани түзүлүп анын директорлор Советин чечүүчү санда канадалыктар түздү. Буга менин тиешем жок. Экинчиси биз Кумтөрдүн радиусу 7,5 кмдан ашпасын деп белгилегенбиз. Башкы келишимге аэропортто кол коюлгандан кийин мен аралашкан жокмун деди. Андан да жаманы Өкмөт башчы Н.Танаев «Кыргызалтындын президенти К.Кудайбергенов аркылуу 2002-2003-жж. реструктуризация» деген келишим менен ишке ашырган. Ал боюнча кенен маалыматты менин «Мен кыргызмын» Б., 2016. 3-китеп, 2-т. окусаңар болот.
Президент Акаев сөзгө чыгып, депутат Тентиевдин сүйлөгөнүнө макул болбой: ... Он говорит в Кыргызстане больше министров чем в Индонезии... правильно надо сокращать... Да, надо поднимать производство, ошол ишкер адамдарга мамлекет шарт түзүп бердик. Мына, биздин Кыргыз мамлекетиндей ишкер адамдарга шарт түзгөн мамле кетти айтынызчы? СНГда кайсы мамлекет бар, ушу Кыргызстандай эркиндик берген ишкер адамдарга, бүт шартын түзүп бердик, анан налогун төлөсүнда... бул мыйзамды албасак, А.Жумагулович Хоменюк кол койбойт келишимге... мына сомдун наркын эмнеге кармап турабыз, ошол дуйнөлүк банк, эл аралык валюталык фонд... ж.б. мам лекеттердин доллары менен кармап турабыз... Жалаң сомдун курсун кармаш үчүн 100 млн доллар беришти...
Акаевдин бул сөздү Парижде, Париж клубунун жыйынына баратканда алардын Кыргызстанга койгон шартына ылайык, Кыргызстандагы 5%дык салык льготторду жоюу боюнча Дүйнөлүк Банк шарт койгон. Парижге барардын алдында Салык кодексинин ошол салыктар боюнча жеңилдетүү жоболорун алып салуу жөнүндөгү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңешке сунуш кылышкан. Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан киргизилген салыктар боюнча женилдиктерди алып бергени үчүн Президент Акаев ыраазычылык айтып, Тентиевдин 10 сом тапсан, 9 сомун бересиң деген сөзүнө жооп кылып, Тентиев жетекчилик кылган Илбирс боюнча минтип айтат: Тентиев башкарган Илбирс, обьединениесинен бүгүн цифраларды алдырдым... 1993-жылы продукция сатыптырсыз, 42 млн. 489 сомго. Киреше алыптырсыз, млн 568 мин сом налог төлөптүрсүз, 4 млн 236 миң сом. Ошондо нсалык төлөпсүз, 27,93%, 10 сомдон 3 сом. Вы хорошие налоги платили, вам спасибо большое. Но нельзя... андан кийин өкмөттүн структурасын колдоп бергени үчүн рахмат айтып, аягында минфинге Нанаевди, анын ордуна нацбанкка М.Султановду сунуш кылып, колдоп бергиле дейт. Аны К.Нанаев өстүргөн, анын шакирти, деп мактайт. М.Султанов колдоого ээ болот. (Аталган стенографиялык отчет, 237-б.)
Мына ушундай окурман! Бул белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун айтуусундагы айтылган чындык.
Булак: NazarNews. kg