www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Орусиянын ортосунда уланып жаткан куралдуу кагылышуунун себептери НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсүнө байланыштуу. Мындай пикирин Сан-Томе жана Принсипинин биринчи президенти Мануэль Пинто да Коста Кытайдын борбордук телеканалына (CCTV) берген маегинде билдирди. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги тастыктады.

"Бул татаал маселе. Кол коюлган келишимдер, мисалы, Минск келишимдери сакталган жок. Орусиянын өзүндө да коопсуздук маселеси бар, бул нормалдуу көрүнүш", - деди ал.

Мануэл Пинту да Кошта мындан тышкары, НАТОнун коркунучу бар деп эсептейт.

"Мурда Варшава келишими болгон, бирок ал ыдырап кеткен. Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган коркунучтар толук чечилбей, НАТО мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр менен кызматташып, чыгышты карай кеңейүүнү улантты", - деди экс-президент.

Ал ошондой эле, эл аралык коомчулукту Украина менен Орусия ортосундагы пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жардам берүүгө жана тышкы күчтөргө кырдаалды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жол бербөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости