www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү Голливуд актеру Брюс Уиллис өзүнүн санариптик сүрөтүнүн укугун Deepcake компаниясына сатты. Ал нейрондук тармактарды түзүп, андан кийин виртуалдык сүрөттөрдү жаратат, деп жазат Telegraph басылмасы.

Мындай ыкма актёрго тасмаларга, телешоулорго же жарнактарга тартылууга мүмкүндүк берет, анткени чыныгы Брюс Уиллис ден соолугуна байланыштуу карьерасын жыйынтыктаганы белилүү.

Маалыматка ылайык, Брюс Уиллис өзүнүн санариптик образына укуктарды саткан биринчи атактуу актёр.

Актёр буга чейин Deepcake компаниясынын ишинин сапатын баалаган. Анын айтымында, тактык абдан жогору болгон.

«Мага каарманымдын тактыгы жакты. Бул жарнамалык кампания мага тааныш экшн комедия жанрында тартылган жана бул убакытты артка кайтаруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Заманбап технологиянын аркасы менен башка континентте жүрүп кино тартууга катыша алдым. Бул жаңы жана кызыктуу тажрыйба ", - деди актер.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости