www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү куткаруучулары Өзбекстанда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионат Самарканд шаарында өтүүдө. 11 мамлекет катышып жаткан чемпионатка Кыргызстандын атынан ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн курама команда спорттун “Шаты менен бийиктикке чыгуу” түрү боюнча катышууда.

Белгилей кетсек, өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Спортчулар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта даярдык көрүп баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости