www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - АКШнын Флорида штаты суу астында калды

АКШнын Флорида штатында болгон "Иэн" бороонунан каза болгондордун саны 42 адамга жетти. Ага чейин 14 адам каза болгону айтылган. Бул тууралуу CNN жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.

Жабыркагандарды жана үйлөргө чоң зыян келтирүүдөн тышкары, "Иэн" бороону жергиликтүү тургундарды электр жарыгысыз калтырды. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө карата электр тармактар компанияларынын маалыматтарын чогулткан Poweroutage.com Флоридада бир жарым миллиондон ашык адам, Түштүк Каролинада 147,000, Түндүк Каролинада 285,000ге жакын жана Вирджинияда 58,000 адам электр жарыгысыз калганын билдирди. 

30-сентябрда АКШнын президенти Джо Байден Түштүк Каролинада "Иэндин" боронуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

Эске сала кетсек, 28-сентябрда Флорида штатынын түштүк-батыш жээгине «Иэн» бороон-чапкыны ири кыйроолорго жана суу ташкындарына алып келип, 2,5 миллиондон ашык керектөөчүнү электр энергиясысыз калтырып, телекоммуникация тармактары менен аэропорттору иштебей калган. 

29-сентябрда Флорида штатынын губернатору Рон Де Сантис бороон-чапкындын зыянын "тарыхый" деп атап, жергиликтүү дарыялардын биринин ташкындоосун беш жүз жылда бир жолу болгон окуя катары белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости