www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) өлкөнүн бир катар аймактарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл ала баштады.
Маалыматка ылайык, Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Сокулук, Москва жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери толукталат.
БШК белгилегендей, саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештер шайлоо комиссияларынын курамына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүүчү субъекттер болуп саналат.
Мыйзам талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү, башка мамлекеттин жарандыгы бар адамдар, соттуулугу жоюлбаган жарандар жана башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү комиссиянын курамына кире алышпайт.
Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 25-августу саат 18:00гө чейин тапшырышы керек. Ал эми жарандар жана коомдук бирикмелер тиешелүү документтерди ушул эле мөөнөткө чейин жергиликтүү кеңештерге өткөрүп берүүгө тийиш.
Талапкерлерден аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук берүү жөнүндө арыз, паспорттун көчүрмөсү, өмүр баяны же резюме, байланыш маалыматтары, жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук жана көрсөтүүчү субъекттин протоколу талап кылынат.
БШК талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экенин эскертти.