www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нарын» бажысынын кызматкерлери жүргүнчү ташуучу автобустан жалпы салмагы 460 килограммга жакын декларацияланбаган товарларды аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, «Нарын» бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүүгө бөгөт коюшкан.

Автобусту текшерүү учурунда 20 аталыштагы товарлар табылган.

Алардын арасында 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, автоунаа тетиктери жана башка товарлар бар.
Табылган товарлардын жалпы чекене баасы 558 миң 849 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча материалдар тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүлүп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмү — 257 миң 756 сом өндүрүлгөн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости