www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-августта Кыргызстанда күн ысык болот. Айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Ал эми түштүк облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Аба температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
Талас облусунда: түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +28…+33°C;
Ош облусунда: түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +34…+39°C;
Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +34…+39°C;
Баткен облусунда: түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +34…+39°C;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +23…+28°C;
Нарын облусунда: түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +19…+24°C;
Бишкек шаарында: түнкүсүн +20…+22°C, күндүз +34…+36°C.
Өлкө боюнча эң ысык аба ырайы түштүк аймактарда күтүлүп, күндүз абанын температурасы +39°Cге чейин көтөрүлөт.