www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам рейддин жүрүшүндө айрым жайларда тиричилик таштандыларын Алаш-Сайдын нугуна таштоо жана катуу тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары катталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 35 550 сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жайлардын ээлерине таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Рейд учурунда аныкталган таштандылар тазаланып, аймактар иретке келтирилди.