www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 11-августта аз камсыз болгон жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган федералдык Medicaid программасы аркылуу жашы жете электерге жынысын өзгөртүү операцияларын жана гормоналдык терапияны каржылоону токтотууга буйрук берди.

«Medicaid программасы жашы жете электерге жынысын өзгөртүү операцияларын жана гормоналдык терапияны мындан ары каржылабайт. Биз күнөөсүз балдарга мындай операциялар жана практикалар үчүн акча төлөбөйбүз. Алар жаш организмдерге ойго келгис жана кайтарылгыс зыян келтирет», — деп айтылат Трамптын Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Ак үйдүн башчысы акыркы бир жарым жылда АКШдагы ондогон ооруканалар мындай кызматтарды көрсөтүүнү буга чейин токтотконун билдирди.

Последние новости