www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү күнү Колумбиянын батышында магнитудасы 7,4 баллга жеткен күчтүү жер титирөө болуп, каза болгондордун саны кеминде 254 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштерин улантууда. Жер титирөөдөн Перейра жана Кали шаарлары өзгөчө жабыркаган. Айрым маалыматтар боюнча, Перейрада 101, Калиде 95 адам каза болгон.
Жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Чоко аймагындагы көптөгөн жергиликтүү жамааттар электр энергиясыз жана негизги коммуналдык кызматтарсыз калууда. Айрым аэропорттор жана ири жолдор жабык бойдон калууда.
Миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Көп кабаттуу үйлөр урап, турак жайларда жаракалар пайда болгон. Байланыш үзгүлтүккө учураган аймактарда кырсыктын толук масштабы жана курмандыктардын акыркы саны жакынкы күндөрү гана такталышы мүмкүн.