www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-августта Ысык-Көлдүн түбүнөн кылымдар бою суу алдында жаткан байыркы имараттын кыштан тургузулган дубалдары табылды.

Бул тууралуу экодайвер Кубанычбек уулу Бекжан билдирди.

Анын айтымында, табылга жапон изилдөөчүлөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн экспедициянын жүрүшүндө аныкталган.

Экодайвер бул табылга ага өзгөчө таасир калтырганын айтып, көлдүн түбүндө дагы көптөгөн тарыхый сырлар катылып жатышы мүмкүн экенин белгилеген.

Учурда табылган курулуштун кайсы мезгилге таандык экени жана анын тарыхый мааниси тактала элек.

Адистердин изилдөөсүнүн жыйынтыгында байыркы имарат тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болушу күтүлүүдө.

Последние новости