www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында сел жана кыян суу каптоо коркунучу бар аймактарда 10 млн сомдук долбоор ишке ашырылат.

Бул тууралуу шаар башчысы Жылдызбек Беккелдиев Оттук көчөсүнүн тургундары менен жолугушууда билдирди.

Долбоор Ак-Коргон жана М. Сыдыков аймактарындагы жети көчөнү камтыйт.

Бул тилкелерде тоодон жана турак жайлардан түшкөн жаан-чачын сууларын агызуучу арык-лотоктор курулуп, көчөлөрдүн кесилиштерине суу өткөрүүчү шакекчелер орнотулат.

Мындан тышкары, М. Сыдыков аймагында узундугу 260 метр болгон сел өткөрүүчү канал курулат.

Ал эми РТС аймагындагы төрт коктуга таш менен толтурулган тор сел тосмолорун орнотуу пландалууда.

Шаар мэриясынын маалыматына караганда, долбоорлор сел жана суу каптоо коркунучун азайтып, Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Буга чейин аталган аймактардын тургундары тоо кыркаларынан түшкөн жаан сууларынан улам кыян жүрүп, үйлөргө жана жашоочуларга коркунуч жаралып жатканын билдиришкен.

Последние новости