www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр Ош шаарындагы, Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы жана Ош облусунун Өзгөн районундагы жети шайлоо участогуна тиешелүү.
Ош шаарындагы №5556 шайлоо участогу Т. Кулатов көчөсү, 8/1 дарегиндеги атайын мектеп-интернаттан Көкүм-Бий көчөсү, 13 дарегиндеги №70 бала бакчага көчүрүлдү.
№5311 шайлоо участогунун дареги Ж. Раимбеков көчөсү, 106а дарегиндеги №67 «Мөл Булак» бала бакчасынан Ж. Раимбеков көчөсү, 22а дарегиндеги №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өзгөртүлдү.
Ал эми №5464 шайлоо участогу Нагорная көчөсү, 1а дарегиндеги Ош шаардык мэриясынын жарандарды тейлөө боюнча муниципалдык ишканасынан Ирригатор көчөсү, 1 дарегиндеги №70 орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
№5246 шайлоо участогунун дареги Төлөйкөн айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы М. Бегиев көчөсү, 35 дарегиндеги айылдык кеңседен К. Мырзаев көчөсү, 40 дарегиндеги О. Курбанбаев атындагы орто мектепке өзгөртүлдү.
Мындан тышкары, Манас шаарындагы №2092 жана №2413, ошондой эле Өзгөн районундагы №5115 шайлоо участокторунун даректери да өзгөрдү.
БШКнын маалыматына ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.