www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 30-сентябрдан 1-октябрга чейин Гана Республикасына расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сапар Гананын тышкы иштер жана аймактык интеграция министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын чакыруусу менен уюштурулууда.

Сапардын алкагында кыргыз-гана саясий консультациялары өтүп, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгынын укуктук базасын кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев Гананын жогорку жетекчилиги менен жолугуп, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулайт.

Последние новости