www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн жалпы 110 талапкерди каттады. Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган, 14 киши талапкерликтен баш тарткан.
Катталган талапкерлердин ичинде Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар. 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу чөлкөмдөн катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган, алардын 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.
20-октябрда саясий партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен бара турган талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта 54 талапкерден ашпаган тизмени 21 саясий партия берди. Жалпы сунушталган талапкерлердин саны 1046 болуп, алардын 669у эркек, 377си аял. Майыптыгы бар адамдардан 46, 189 талапкер башка улуттан, 267 талапкер 35 жашка чыга элек. 29-октябрга чейин БШКда алардын документтери текшерилет.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланат.
Булак:NazarNews.kg