www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын Daily Express басылмасы үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетүү тобокелчилиги жогору аймактардын тизмесин түздү. Макаланын автору Кайши Лэнгтондун айтымында, учурда дүйнө глобалдык конфликт болот деп кооптонууда. Биринчи кезекте кеп АКШ менен Иран ортосундагы өзөктүк программадан улам тиреш тууралуу болуп жатат.

"Кырдаал курчуй турган болсо Тегеран Ормуз кысыгын жабышы ыктымал. Ал жак аркылуу дүйнө жүзүнө мунайдын 30 пайызы экспорттолот. Бул Вашингтондун союздаштары менен мамилесин солгундатып, Сирия менен Йеменде жаңы согушту шартташы ыктымал", — деп жазылган макалада.

Мындан сырткары, кара алтын үчүн Иран менен Израилдин көптөн берки тиреши ири жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Журналист белгилегендей, акыркы учурда АКШ менен Түркия ортосунда дагы мамиле солгундап, абал курчуп баратат. Эки мамлекеттин ортосундагы чыр күрддөрдүн айынан жаралган пикир келишпестиктен жана Эрдогандын пландарынан улам чыгышы мүмкүн.

Кытай жана Түндүк Корея менен да Ак үй согушаары ыктымал экенин белгилейт Ленгтон. Журналисттин айтымында, Пхеньян аскердик машыгууларды улантып, кастык саясаты үчүн жакында эле АКШны күнөөлөп, аларга эскертүү берген.

"Кытай боюнча ала турган болсок, соода согушунан сырткары, жаңжалга эки мамлекеттин эл аралык аренага таасиринин курчуп жатканы себеп болушу ыктымал", — деп жазылат макалада.

Журналист үчүнчү дүйнөлүк согуш Индия менен Пакистан ортосундагы карама-каршылыктан улам да чыгып кетээрин божомолдогон. Эки мамлекеттин ортосунда Кашмир боюнча маселе ачык бойдон турат. Анын айынан эки жакта тең көптөгөн теракт жана толкундоолор болгон.

Макаланын автору жакында эле бийликке талибдер келген Ооганстандагы кырдаалды да эске салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости