www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боршайкомдун алдында ачкачылык акциясын жарыялагандардын бирине тез жардам чакыртышты. Бул тууралуу Кыргызстандын коммунистер партиячсынын өкүлү Амантур Манапбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, өзүн жаман сезген жарандын ден соолугунда көйгөйлөр бар болгондуктан медиктер ага ачкачылыгын улантууга тыюу салышкан.

«Ал өзүнүн каршылык акциясын токтотуудан баш тартты», – деп жазган ал.

Эске салсак, 14-апрелде Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык акциясын баштаган. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости