www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзада Канатбекованы ала качып кетип өлтүрдү делген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2019-жылы Октябрь РИИБине арыз түшкөн. Арыз менен С.Н. аттуу кыз кайрылып, кийин бул иш тосмо арыздын негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы жергиликтүумаалымат булактарына билдирген. 

"2019-жылдын 14-майында Октябрь РИИБине шаар тургуну С.Н. арыз менен кайрылган. Анда ал милиция кызматкерлерине "З" аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Себеби 14-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эч кандай себеби жок эле анын денесине жаракат келтиргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "токмоктоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү ишинде арыз ээси С.Н. тосмо арыз жазып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча кайрылган. Мындан улам иш өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости