www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир нече аткаминерди иштен кетирип, алардан мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп алган айлыгын толугу менен кайтарып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Окуя жаштарды иш менен камсыздоо маселесине арналган жыйын учурунда болду.

Президент ишине шалаакы мамиле кылгандыгы үчүн Фергана облусунун Фуркат районунун, Анжиян облусунун Улугнор районунун акимдерин жана Сурхандарья облусунун мэринин орун басарын кызматтан алды. Мындан тышкары, айрым райондордун прокурорлору, милиция, Салык кызматтарынын жетекчилери жана Соода-өндүрүш палаталарынын башчылары ишсиз калды.

Маалыматка караганда, мурда Мирзиёев жетекчилерге «1+1» программасынын алкагында 100 миң жаш адисти окутуп, тажрыйбалуу кызматкерлердин катарына кошуу тапшырмасын берген. Бирок аткаминерлер буга көңүл кош мамиле кылгандыктан өлкө башчынын талабы ойдогудай ишке ашкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости