www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Өкмөт үйүнүн алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, чек арага кайдыгер эмес жарандар митинг өткөрөт. Бул тууралуу жарандык активисттер социалдык тармактарга жарыялады.

Митингде Тажикстан менен болгон чек ара аймактарын коруу, талаштуу жагдайларды чечүү, мамлекеттик стратегиялык объектилерге (суу, жер, эл) өзгөчө көңүл буруу маселеси көтөрүлөт. Ошондой эле чогулгандар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө талап кылышып, чек ара боюнча буга чейин айткан талаптарынын аткарылышын сурашат.

Эске салсак, кечээ, 28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

УКМК берген маалыматтарга караганда, тажикстандыктар болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөөгө келгенде Кыргызстандын чек арачылары токтотууну талап кылышкан. Бирок алар макул болгон эмес. Мындан улам чек арачылар курал колдонорун айтып, эскертүү беришкен. Коңшу өлкөнүн жарандары ошондо гана токтошкон. Андан соң тажик тарап Көк-Таш айылындагы «Головной» суу таратуучу пунктунун аймагындагы мамыларга көзөмөл камерасын орното баштаган. Бул учурда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотуусун талап кылышкан.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга маал кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандык жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүү жүргүзүп, алгач бир пикирге келе алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости