www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кайрат Иманалиев маданият тармагын алдыга жылдырат деп ишенем”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Акыркы учурда маданиятка көңүл бурулбай калды. Маданият министри болуп Кайрат Иманалиев келгени абдан жакшы болду. Бул жигит абдан билимдүү, маданият чөйрөсүнүн адамы болгондуктан бул тармакты жакшы түшүнөт. Коомдук биринчи каналдын орун басары дагы болду. Мына телеканал, радио жана артисттердин дагы көйгөйүн көтөрө билет деп ишенем. Баардык искусство адамдары жакшы тилек, үмүт артып жатышат. Айрыкча маданият үйлөрү каралбай калды. Каражаттын жетишсиздиги дагы буга чоң себеп. Учурда Кыргызстанда дагы саясий кырдаал ар кандай болуп, маданият, спортторго көңүл бурулбай калды. Эми жөнгө салынса турукташып калаар”, - дейт Чикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости