www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радио жыштыктар чатагына байланыштуу үй камагында жаткан өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кечээ, 28-апрелде чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Кылжыев Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү жана 43-берененин 3-4-бөлүктөрү менен күнөлүү деп табылды. 300 миң сом айыл пул чегерилип, мамлекеттин пайдасына төлөө милдеттендирилди», деп айтылат маалыматта.

Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуу боюнча коррупцияга айыпталып кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалып, өткөн айда үй камагына чыккан.

Бул ишке байланыштуу айыпталган Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова менен Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев да күнөөлүү деп табылган. Биринчи май райондук соту ушул айдын башында алардын ар бирине 260 миң сомдон айып пул салган.

Эске салсак, УКМК 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости