www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 10-январь күнү Эшенкул Усубалиев  акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Усубалиев Эшенкул Усубалиевич 2020-жылдын 8-январь күнү 88 жашында каза болгон.

Усубалиев Эшенкул 1932-жылы 14-март күнү Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында туулган. 1960-жылы РСФСРдин ИИМдин Жогорку мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган.  1960-жылдан 1962-жылга чейин ССРдин ИИМдин түзүмдөрүнүн биринин башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Андан соң 1962-жылдан 1970-жылдары Кыргыз ССРдин ИИМдин Укуктук тартипти сактоо жаштар отрядынын Ички жана күзөттөө отрядынын 249- өзүнчө отрядынын пропагандалоо жана үндөө боюнча инструктору болуп иштеген. 1970-1983-жылдар аралыгында Кыргыз ССРдин ИИМдин Саясий тарбиялоо иши боюнча бөлүм башчысы кызматында иштеген. 1983-жылдын январдан февралга чейин СССРдин ИИМдин атайын орто мектебинин башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга ушул кызматтан кеткен. Ардактуу эс алууга чыккан соң Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешин көп жылдар бою жетектеген.

10-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында  Усубалиев Эшенкулдун элесине арналган жарандык аза күтүү иш- чарасы болуп өттү.   

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасында, ИИМ Академиясынын курсанттары  аза күтүү руханий оркестрдин музыкасынын коштоосунда маркумга тиешелүү  сыйлыктарын аянтка алып чыгышты. 

Ардагерди акыркы сапарга узатуу учурунда  Кыргыз Республикасынын ИИМ Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев Кыргыз Республикасынын  ИИМ Акдемиясынын жеке курамы оор жоготууга учураганын билдирди.

"Усубалиев Эшенкул кызматкерлер жана калк арасында кадыр баркка ээ болгон, абдан эмгекчил жана жоопкерчиликтүү кызматкер болчу. Анын  туруктуулугунун жана эмгекчилдигинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМинин милициянын жогорку мектеби азыркы ИИМ Академиясы  түзүлгөн.  “Ал өзүнүн өлкөсүнүн чыныгы патриоту, мээримдүү жана чынчыл адамы эле, анын элеси ар дайым жүрөгүбүздө кала берет”, -  деди Сүйүнбек Өмүрзаков.    

Андан кийин Кыргыз Республикасынын  Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, Эшенкул Усубалиевдин курсанттарга болгон мамилеси ыкластуу жана камкор болгондугун эске салды. 

"Эшенкул Усубалиевич КПССтин Борбордук комитетинен азыркы ИИМдин Академиясынын курулушуна жер үлүшүн бөлдүрүүгө жана  архитектуралык мекемелердин проектилерин түзүүгө, корпустардын курулушуна жетише алган", - деп Садырбек Дубанаев айтып өттү.

"Биз бүгүн чынчыл, адилеттүү эмгекчил офицерди жети кыз бир уулдун атасын 16 небере 18 чөбөрөнүн  чоң атасын акыркы сапарга узатып жатабыз. Аны тааныган ар бир адамдын эсинде адамдык сапаты бийик инсан катары калат, калк алдындагы сиңирген эмгеги эч канчан унутулбайт. “ИИМдин Ардагерлеринин атынан Эшенкул Усубалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз ” ,- деди Султан Жоошбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости