www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-январда Лозанда III Кышкы өспүрүмдөр олимпиядалык оюндарынын    ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган оюнга   бул жылы Кыргызстандан  барган эки спортчу лыжа  жана биатлон боюнча  Елена Бондарец жана Ислам Турганбаев мелдештерге катышат. Алар менен бирге Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Левдан да барган.

Оюндун салтанаттуу ачылышында Ата Мекендик спортчулар 70 мамлекеттин өкүлдөрү менен биргеликте парадга катышып, андан кийин туу көтөрүүчүлөрдүн параддары башталган. Анда Кыргызстандын туусу  лыжачы Елена Бондарецке тапшырылган.

Өспүрүмдөр олимпиядалык оюндары Лозанда 9-январдан 22-январга чейин   уланат. Ал эми   15 жаштан 18 жашка чейинки  спортчулар 70тен ашуун өлкөнүн ичинен 81 медал, 16 спорттун түрү боюнча ойнотулат.

Мында лыжа жарышуусу, хоккей, тоо лыжасы, шорт-треке, ски-альпинизм жана башка лыжа оюндарынын өткөрүлмөкчү.


Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости