www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пневмония - адам өмүрүн алган коркунучтуу илдет

Суукка катуу урунгандан кийин «сасык тумоолоп калыпмын» деп ооруга көп маани бербей жүрө берип, жыйынтыгында оору адам өмүрүнө коркунуч алып келгенде кайрылган бейтаптарды ар бир оорукананын босогосунан кезиктирүүгө болот. Бул учурда кайрылган бейтаптар өпкөнүн катуу кармаган сезгенүү оорусуна кабылган болот. Бул ооруну медицинада пневмония деп аташат.
Пневмония - бул өпкөнүн инфекциялык катуу кармаган сезгенүүсү. Пневмонияда эки өпкө тең же өпкөнүн бирөөсү гана сезгенүүсү мүмкүн. Өпкөнүн инфекциялык оорусуна бактериялык вирустар, грибоктор, башка микроорганизмдер алып келет. Мындан тышкары тамеки чегүү, арак ичүү жана суукка катуу урунуп калуу дагы өпкөнүн сезгенишине бирден-бир себепкер болот. Аталган илдетке бардык курактагы адамдар, кары-картаңдар, көбүнчө ымыркайдан тартып өспүрүм курактагы балдар кабылат.
Оорунун алгачкы белгилери
- Жөтөл, тез-тезден cары какырыктын пайда болушу
- Дене табынын көтөрүлүшү (мында температураны түшүрүүчү дарылардын таасири тийбей калат)
- Мурундун бүтүшү
- Дем кыстыгуу
- Энтигүү
- Кан түкүрүү
- Көкүрөк клеткасынын оорушу
- Күндөн-күнгө арыктоо
Оорунун алдын алуу
- Иммунитети начар адамдар күчтүү тамактануулары керек
- Тамеки чегүүнү токтотуу зарыл
- Спорт менен машыгуу, ага мүмкүнчүлүк жок болсо дене көнүгүүлөрүн жасоо
Өпкө кайсы учурда пневмония оорусуна тушугат?
- Биз дем алып жатканда аба мурун көңдөйү, кеңилжээр, көмөкөй кекиртек, бронхалар жана өтө майда тарамдарга бөлүнгөн бронхиолдор аркылуу өтүп турат. Ичке бронхиолдор эң акырында тарамдарга бөлүнгөн баштыкчалар - альвеолалар менен аяктайт. Альвеолаларга жеткенден кийин аба анын беттери аркылуу канга кычкылтекти берет да, дем чыгарганда өпкөдөгү көмүр кычкыл газын сыртка чыгарат. Ушул кызматтардын биринин иши бузулганда өпкө ооруга чалдыгат. Бул учурда дем алуу кыйындап, жыйынтыгында өпкө пневмония оорусу баш болгон ар кандай илдеттерге кабылып калат. Биз, дарыгерлер аны оорунун белгилерине жараша өпкөнүн сезгенүүсү же кургак учук деп бөлөбүз.
Сасык тумоо өтүшүп кеткенде өпкөнү пневмонияга алып келбейби?
- Албетте, алып келет. Анткени пневмония оорусунун бирден-бир себеби вирустар эмеспи. Сасык тумоодо адамдар жөтөлөт, мурду бүтөт, дене табы көтөрүлөт, а оору өтүшүп кеткенде адамдын жөтөлү күчөп, кан түкүрүп, жыйынтыгында өпкөнүн альвеолаларына суу толо баштайт. Бул пневмониянын белгиси. Оору күчөп кеткенде өпкөгө ириң толуп, кабырга менен өпкөнүн ортосунда аба пайда болуп жана өпкөгө сары суу толуп калат. Бул учурда адам тезинен дарыланбаса, оору адамдын өмүрүн алып кетиши ыктымал. Колдон келсе ооруну өнөкөткө айлантпай, убагында дарылаганга аракет кылуу керек. Оору өнөкөт түрүнө айланса, анда оору кармаган сайын дарылай берип айлаңыз алты кетет.
Бул илдетти үй шартында дарылоого болобу?
- Пневмония жаңы башталган маалда биз аны үй шартында дарылоого атайын рецепттерди жазып берип жөнөтөбүз, бирок дайым көзөмөлдөп турабыз. Ал эми өтүшүп кеткен түрүн эч качан үй шартында дарылоого болбойт. Ал сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө болушу зарыл.
Пневмония оорусуна кабылгандардын тамактануусу кандай болушу керек?
- Пневмония илдетине кабылгандар суусундукту жана ар кандай ширелерди көп ичиши керек. Мындан тышкары өпкө сезгенгенде витаминге бай тамактар менен азыктануу зарыл. Бирок жейт десе эле койдун же уйдун майын каалашынча жеген туура эмес. Жылына жаз мезгилинде ден соолукту чыңдап, иммунитетти көтөрүү үчүн саамал ичип туруу сунушталат.

Булак: “Леди.kg

Последние новости