www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамптын элеси чагылдырып, жыгачтан жасалган эркиндик айкелин өрттөгөндөрдү Словениялык полициясы издеп жатат. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары билдирүүдө.

Маалыматта салмагы 26 фунт узундугу 8 метрдей келген эстеликти  10-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкени айтылат. 

Автор алгач муну өткөн 2019-жылдын жай айларында Любляна шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы эс алуу бактарынын бирине орноштурган. Атайын механизмди иштеткенде жыгач куурчактын оозу ачылып, акуланыкындай тиштери ырсайып чыга келет. Бул туристтерге жакканы менен жергиликтүүлөргө жакпай калган. Аны Хэллоуин майрамында өрттөмөкчү болгондор дагы чыккан.

Мындан улам ал АКШнын биринчи айымы Мелани Трамптын төркүнү Моравце шаарына көчүрүлмөк. Бирок анткен менен көздөгөндөр максатына баары бир жетишиптир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости