www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Сирияда президенттик шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 26-майда Сирияда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылыгына 3 талапкер ат салышууда. Алар: өлкөнүн учурдагы президенти Башар Асад, оппозициячыл саясатчы Махмуд Мараи жана мурдагы парламент депутаты Абдалла Саллюм Абдалла. 

Шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00.) ачылып, 19:00гө чейин иштейт. Талап кылынган учурда айрым тилкелердин иши 5 саатка узартылышы мүмкүн.

Айрым өлкөлөр Сириядагы президенттик шайлоо эркин жана адилеттүү өтпөй турганын айтышып, ал үчүн керектүү шарттар түзүлбөгөнүн белгилешүүдө. Улуу Британия, АКШ, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери биргелешкен билдирүү жасап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырышкан. Ал эми Түркия менен Германия өз аймактарындагы Сирия жарандары үчүн шайлоо өткөрүүгө тыюу салды.

"Мындай кадамдар менен алар Сирияга болгон душмандык мамилеси бар экенин тастыктап жатышат" деп билдирген аталган өлкөнүн расмий бийлиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости