www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясынын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-майда Бишкекке кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости