www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова саламаттык сактоо жатындагы Герман өнүктүрүү банкынын KfW долбоорлорун өлкөдө ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын, Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Кеңешме алкагында Бишкек шаарындагы улуттук перинаталдык борбордун, Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы оорукананын, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлордун курулушунун жүрүшү каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өз компетенциясынын алкагында бир жумалык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссиянын курамында тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен Бишкек шаарындагы улуттук перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшүн жана Герман өнүктүрүү банкы KfW менен кызматташуу алкагындагы башка обьектилердин курулушунун башталышын тездетүү мүмкүнчүлүгүн кароосу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости