www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсү астындагы Сириянын Ракка шаарында калкынын саны көп болгон аймактардагы аскердик операциялардан улам 400 миңден ашуун жарандын коопсуздугунан тынчсызданууларды билдирди.

БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк басма сөз брифингинде абадан кол салуунун жарандардын өлүмүнө жана жаралануусуна себеп болгонудугу жана мектептер, базар жерлери менен базистин зыянга учурагандыгына байланыштуу кабарлардын келип жаткандыгын айтты. Хак Раккада аскердик операциялардан улам 400 миңден ашуун жарандын коопсуздугунан тынчсызданууларын билдирди.

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы эл аралык коалицияга караштуу аскердик учактардын Ракканын батышында жүздөгөн качкын жашаган бир мектеп имаратын  абадан кол салуу менен урандыга айландыргандыгы билдирилген болчу.

АКШнын коргонуу министрлиги болсо коалициянын Ракка жакындарында бир топ абадан кол салуу жасагандыгын жана жарандык жоготуулар тууралуу айтылган сөздөрдүн изилденгендигин билдирген болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости