www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын биринчи орун басары Амина Мохамед Кыргызстанга иш сапар менен келип кетти. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапар алкагында Амина Мохамед президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга карата БУУ тутумунун туруктуу өнүгүү боюнча Алкактык кызматташуу программасына кол коюлду.
Ошондой эле, БУУнун баш катчысынын орун басарын КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова кабыл алды. Жолугушуу жүрүшүндө Кемелова туруктуу өнүгүү, анын ичинде тоолорду өнүктүрүү, жана ошондой эле гендердик теңчилик, айлана чөйрөнү, Борбордук Азиядагы суунун булагы жана суу ресурстарын жөнгө салуучусу болгон тоо мөңгүлөрүн жана токойлорун коргоо, билим алууну, медициналык кызматтарды жана таза ичүүчү сууну жеткиликтүү кылуу жаатындагы Кыргызстандын көйгөйлөрү жана демилгелери жөнүндө маалымдады.
БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары кыргыз тарап көтөрүп жаткан көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, БУУнун катчылыгы аларды кылдат талдап чыгып, Кыргызстанга колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгарына ишендирди.
Кыргызстан илгерилетип жаткан тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелердин фонунда, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координаторунун кеңсесинин колдоосу менен, 11-июнда Амина Мохамед тоо мөңгүлөрүнө жана көлдөрүнө тик учак менен асмандан байкоо салып, ошондой эле Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан Борбордук Азия университетине барып келди.
Булак: NazarNews.kg