www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы кырдаалдан улам 2022-2023-жылдары дүйнөдө ачарчылыктан жапа чеккендердин саны 11-19 миллион адамга өсүшү ыктымал. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) рынок жана соода бөлүмүнүн директору Бубакер Бен-Бельхассен билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, өзгөчө буудай, өсүмдүк жана күн карама майын импорттоого көз каранды болгон Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрү көбүрөөк кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн.
Бубакер Бен-Бельхассен учурда кризис Сахарадан түштүктү көздөй жайгашкан Африка өлкөлөрүнө, ошондой эле Бангладеш менен Индонезия кирген Азия мамлекеттерине катуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, жер семирткичтерге жана башка айыл чарба товарларына баанын көтөрүлүшү аларды өндүрүүчүлөрдүн өндүрүшүнө тоскоол кылышы мүмкүн жана бул нерсе дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндөгү абалдын ого бетер начарлашына алып келет.
Буга чейин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Россия Украинага каршы аскердик операция баштагандан кийин, бул согуштун кесепети оор болушу мүмкүн экенин жана дүйнөдө 1,6 миллиарддай адам ачарчылык жана жакырчылык коркунучунда турганын эскерткен.
Уюмдун маалыматы боюнча Украина менен Россия дүйнөдө арпанын 19%, буудайдын 14%, жүгөрүнүн 4%, күн карама майынын 52%ын камсыз кылат.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да дан азыктарын негизинен Орусиядан импорттойт.
Эске салсак, апрель айында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы кырдаал адамзаттын 20%ын жакырчылыкка жана ачарчылыкка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.
Булак: NazarNews.kg