www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда аялдардын гуманитардык жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салганына байланыштуу айрым программаларын токтотуп жатат. Бул тууралуу The Guardian БУУнун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлады.
Уюм "аялдардын гуманитардык иштерге катышуусу талкууланбашы керек жана мындан ары да улантылышы кажет" экенин белгилеп, аял-кызматкерлердин жетишсиздигинен айрым иш-чараларды токтотууга туура келгенин маалымдады.
Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин администрациясы 24-декабрда исламдык дресс-код эрежесинен улам бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге жумушка чыкпоого буйрук берген.
Жаңы эрежеге макул болбогон айрым чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты. Алар аял-кызматкерлер болбосо, кыз-келиндерге медициналык кеңеш сыяктуу маанилүү кызматтарды көрсөтө алышпайт. АКШ, Улуу Британия, Европа Биримдиги талибдерден бийлигинен бул буйруктан баш тартууга чакырышты.
2021-жылдын жайында катаал исламчыл “Талибан” кыймылы бийликке келген. Бул кыймыл Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.
Булак: NazarNews.kg