www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Сирияда Башар Асад режими кулатылгандан бери 280 миң сириялык баш калкалоочунун өз өлкөсүнө кайтканын болжолдогондорун билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Гранди сириялык качкындардын жана ички жер которгондордун кайтышына байланыштуу X баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Сирияда 8-декабрда Асад режими кулагандан бери 280 миң сириялык качкын жана өлкөнүн ичинде жер которгон 800 миңден ашуун кишинин өз үйлөрүнө кайтканын болжолдогондорун айткан Гранди: «Бирок эрте калыбына келтирүү аракеттери батыраак жана тезирээк болушу керек. Болбосо эл кайра кетишет»,- деди.

Гранди ошондой эле Сирияны эртерээк калыбына келтирүү үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Последние новости