www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр ушундай акциядан бюджетке 184,3 миллион сом түшкөнү айтылган.

 Өлкөдө кайрадан автоунаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоо каралууда. Бул боюнча тиешелүү токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгып, өкмөт коомдук талкууга койду.

Эми автокөлүктөрдүн терезесин караңгылатууга уруксат берүү кызматы аралыктан көрсөтүлмөкчү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча акция өткөрүү сунушталууда. Ал токтом кабыл алынгандан кийин 90 күнгө уланат.

Бир жылдык караңгылатууга уруксат алуу:

жеке жактар үчүн 50 миң сом (азыр 80 миң сом);

юридикалык жактарга 70 миң сом (азыр 100 миң сом);

чет элдиктер үчүн 90 миң сом (азыр 120 миң сом).

2023-жылы да жарыяланып 60 күнгө созулган ушундай эле акциядан бюджетке 184,3 миллион сом түшкөнү айтылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости