www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта 30 жаштагы жаран киши колдуу болду. Аны өлтүрүүгө шектелип бир тууган иниси кармалды. Бул тууралуу Бакай-Ата РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургуну 1999-жылы туулган М.Ж. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда 21-июнь күнү саат 19:00 чамасында бир тууган байкеси 1994-жылы туулган М.К. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүүнү суранган. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБ тарабынан каттоого алынып, издөө иштери башталган.

24-июнда саат 18:30 чамасында дайынсыз болуп жаткан М.К.нын киши колдуу болгон жансыз денеси өзү жашаган үйдүн артындагы сарайынын жер төлөсүнөн табылган.

Аталган факты Бакай-Ата РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КЖКнын 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катарында маркумдун бир тууган иниси 1999-жылы туулган М.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин УКЖга камакка алынды. Учурда тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости