www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин 3-4 июлда Астанага ШКУ саммитине келет

Астанадагы саммитте Беларусту ири уюмга мүчөлүккө алуу чечими кабыл алынарын айтышты.

Россиянын президенти Владимир Путин 3-4-июлда Астанада өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бул туурасында РИА Новости анын жардамчысы Юрий Ушаковго таянып билдирди.

Анын айтымында, Путиндин башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалган.

"Россиянын президенти жакынкы күндөрү биз үчүн бир топ таасирдүү жана мааниге ээ болгон ШКУнун саммитине катышат. Иш-чара Казакстандын Астанасында өтөт. Анын алкагында мүчө жана чакырылган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда", — деген Ушаков.

Мурдараак Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУнун Астана отуруму көп тараптуу диалогду арттырып, тынчтыкты бекемдөө менен өнүгүү темасына арналгандыгын айткан.

Саммитке 16 мамлекеттен президенттер менен премьер-министрлер келет. Алар: Кыргызстан, Россия, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, БАЭ, Түркия жана Түркмөнстан.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта өз ара кызматташууну талкуулашмакчы. Аны менен катар эле Беларусту аталган уюмга мүчө кылып алуу чечими кабыл алынарын айтышты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости