www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда (Чүй облусу) аялдын сөөгү табылып, анын өлүмүнө чогуу жашаган киши шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

"42 жаштагы аялдын сөөгү Кара-Жыгач айылындагы арыктын жанынан табылган. Бул окуя боюнча иш козголуп, аны менен чогуу жашап жана иштеп жүргөн 38 жаштагы киши кылмышка шектелип кармалган. Аял токмоктон улам каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө уланып жатканы кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости