www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын республикалык бюджетинин тартыштыгы быйыл 2023-жылы 21 миллиард 263,2 миллион сомго жетип, ИДПнын 2,3%ын түзөрү болжолдонууда. 

Бул жагдай 2022-жылдагы 9,12 миллиард сом бюджет таңсыктыгына салыштырмалуу олуттуу өсүш.

Бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн өкмөт ички булактардан, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн 2,28 миллиард сом тартууну пландаштырууда.

Каржылоонун негизги бөлүгү, болжол менен 18,98 млрд сом мамлекеттик инвестициялык кредиттер жана программалык кредиттер сыяктуу тышкы булактардан алынат.

Эске салсак, 2022-жылы 9,1 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген бюджеттин тартыштыгына карабастан, иш жүзүндө ал жогору болуп, 13,1 миллиард сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости