www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик «Асман» шаарын куруу тууралуу жөө жомок токуп келе жатканына дээрлик эки жылдан ашты. Улам унутулуп баратканда эле, "Асман" шаарын салганга инвесторлор кызыгып жатышат, каржысы чечилип жатат деген өңдүү, кулакка жагымдуу угулган менен курсак тойгузбаган маалыматтык манипуляция жасап турат. 

Мына дагы курулай добулбас кагышып, "Асман" шаарын курууга кореялык компания 1 млрд. доллар салууга даяр экен деген уламышты жайылта башташты. 

Уламыш дегенибиз, компания боюнча колго кармай турган толук маалымат жок. Кызыгы, компаниянын Кыргызстандагы өкүлү мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев экен. 

Мейли, ичи тарлык кылгандай болбой, салынсын деп изги тилек кылалы. Ылайым эле, ири долбоор ишке ашып кетсин. Бирок, реалдуу чындыкты дагы карашыбыз керек го. 

Себеп дегенде, буга чейин аталган долбоорду курууга 20 млрд. доллар сарпталары айтылган. Ошондо калган каражат каяктан табылат? Ким берет? Деги эле каржы маселеси толук чечилбей туруп, утопия жыттанган долбоорду баштап, асманга акча сапыра бергендин кажети барбы деген суроо туулат. Чынын айтканда, долбоор ара төрөлгөн баладай ара жолдо кала турган иш. 

Негизи эле, Ысык-Көл облусуна шаар салуу канчалык ыңгайлуу, экологиялык, архитектуралык талаптарга жооп берет деген маселе бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости