www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 9-11-класстар мамлекеттик экзамен тапшырышпайт

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 жана 11-класстардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт.

"Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө Жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага каршы болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости