www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачык Өкмөт Улуттук форумунун мүчөлөрүнүн Эл аралык валюта фондунун каражаттарын пайдалануу боюнча суроосуна жооп катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирди: 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу ай сайын берилүүчү отчеттор бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик классификациясынын (8 белги) элементтери боюнча түзүлөт. Ошол эле учурда каржылоо булактарында бюджеттик жана атайын каражаттардын калдыктары чагылдырылат. 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу тууралуу ай сайын берилүүчү мезгилдүү отчеттор отчеттук айдан кийинки айдын 25не карата, ал эми кварталдык жана жылдык отчеттор белгиленген графикке ылайык түзүлөт. Муну менен катар айлык отчеттор (киреше, чыгым жана дефицит) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында (www.minfin.kg) «Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттор» бөлүмүндө жайгаштырылат. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында республикалык бюджетти кассалык аткаруу тууралуу маалыматтар ведомстволук классификациясы боюнча «Ведомство жаңылыктары» бөлүмүндө жарыяланат. 

Белгилей кетсек, жакынкы мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мезгилдүү отчеттуулукту кароо кыйла ыңгайлуу болушу үчүн расмий сайтын толуктап иштеп чыгуу пландалууда. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (www.foms.kg) Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 125-беренесин аткаруу максатында  учурдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматты ай сайын расмий сайтына жайгаштырат. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө 2019-жылга карата отчету жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (www.foms.kg) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (www.med.kg) расмий сайттарында жайгаштырылган. 

Тышкы көмөк каражаттарын сарптоо жаатында.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Эл аралык валюта фонду тарабынан (мындан ары - ЭВФ) берилген каражаттар 2020-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казналыгынын учурдагы валюталык эсебине 120,85 млн АКШ доллаы суммасында келип түшкөн. 2020-жылдын 1-апрелинде бул каражат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу (1 АКШ доллары үчүн - 80,81 сом) боюнча 9 765,8 млн сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган. 

Көрсөтүлгөн валюталык каражаттар 2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу (1 АКШ доллары үчүн – 84,87 сом) боюнча улуттук валютага конвертацияланган жана 10 256,6 млн сомду түзгөн. 

2020-жылдын апрель айында ЭВФ көрсөтүлгөн каражаттарынын эсебинен республикалык бюджеттин 8 896,8 млн сом суммасындагы төмөнкү чыгашалары жүргүзүлгөн: 

- айлык акы - 3 994,4 млн сом;

- социалдык мукаждыктарга төлөмдөр - 468,7 млн сом;

- Социалдык фондго трансферттер - 1 834,0 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер - 1 210,0 млн сом;

- теңдештирүүчү трансферттер - 160,8 млн сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын айлык акысы); 

- калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар - 869,2 млн сом;

- медициналык товарларды жана тейлөөнү сатып алуу 106,3 млн сом;

- стратегиялык запастар - 153,0 млн сом (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дан сатып алууга);

- коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жашоонун катаал шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга - 100,4 млн сом. 

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын соңуна карата ЭФВ каражатынын калдыгы 1 359,8 млн сомду түздү, ал 2020-жылдын май айында республикалык бюджеттин айлык акы, социалдык муктаждыктар төлөмү, Социалдык фондго трансферттер, жөлөкпулдар, медикаменттер сыяктуу социалдык маанилүү чыгашаларына багытталат. 

Берилген тышкы донордук көмөк каражаттарынын калган бөлүгү боюнча, алардын бюджетке келип түшүүсүнө карата каражаттардын пайдалануу айкындыгын жарандык коомго маалымдоо боюнча чаралар кабыл алынат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости